Жаңылыктар

КАЛАА БАШЧЫ ШААР ИЧИНДЕГИ МЕКЕМЕ, ИШКАНАЛАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

02.09.2024  17:17     Кароолор (20)

2-сентябрь күнү, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов шаардагы мекеме, ишканалардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө бюджет маселелери, билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы, жылуулук менен камсыздоо иштери талкууланды. Андан тышкары, мэр стим-грант аркылуу жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери кечикпей бүткөрүлүшү керек экенин баса белгилеп, билим берүү мекемелериндеги тамак-аш менен камсыздоо жана жылуулук маселелерине өзгөчө көңүл бурууну талап кылды.

Аба-ырайынын суук түшүшү менен бардык мекемелер 20-сентябрга чейин жылуулук менен камсыздалууга тийиштиги белгиленди. Мындан тышкары, жыйында жергиликтүү бюджеттен каржыланган объектилердин курулушунун абалы жана шаар тазалыгын камсыздоо боюнча иштер да каралды.