Жаңылыктар

КАЛАА БАШЧЫ ШААР ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

26.09.2024  12:48     Кароолор (22)

Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов шаар тургундары менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда шаар тургундары бир катар орчундуу маселелерди көтөрүштү. Атап айтканда, таза суу көйгөйү, жолдордун абалы, тротуарлардын оңдолушу, балдар аянтчаларынын жетишсиздиги, жол белгилери сыяктуу маселелер талкууланды.

Жолугушууга шаардагы мекеме-уюмдардын жетекчилери да катышып, тургундардын көйгөйлөрүнө жеринде жооп берүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жыйынтыгында мэр Б. Астанакулов көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү кызматтарга чечүү тапшырмасын берип, кээ бир суроолор боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынганын жана мэриянын колдоосу көрсөтүлөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар мэр Байышбек Астанакуловдун катышуусунда белгиленген график боюнча үзгүлтүксүз өтүп турат.