Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов 24-30-сентябрь күндөрү шаар тургундары менен беш күндүк жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулар суроо-жооп ирээтинде уюштурулуп, шаар тургундары бир катар актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүштү. Анын ичинде таза суу жетишсиздиги, кыш мезгилине карата электр жарыгы жана отун көйгөйү, мектепте китеп тартыштыгы, транспорт жетишсиздиги жана электр энергиясынын тез-тез өчүүлөрү сыяктуу маселелер талкууланды.
Жолугушууга шаардагы мекеме-уюмдардын жетекчилери да катышып, жарандардын суроолоруна дароо жооп берүү жана жеринде чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Жыйынтыгында мэр Б. Астанакулов бардык көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү кызматтарга тапшырып, айрым суроолор боюнча тез арада чечимдер кабыл алынарын жана мэрия тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.