Жаңылыктар

КАЛАА БАШЧЫ ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

17.09.2024  15:30     Кароолор (14)

Бүгүн, 17-сентябрда, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов жарандарды жеке кабыл алуу учурунда шаардык жолдор жана инфраструктура маселелерин талкуулады. Жарандар негизинен жолдордун абалы, шаар ичиндеги кооптуу ички көчөлөрдөгү тротуарлардын жоктугу жана балдардын коопсуздугу тууралуу маселелерди көтөрүштү.

Мэр ар бир көйгөйдү угуп, аныктоолор жүргүзүлгөнүн жана жолдорду оңдоо боюнча пландар иштелип чыкканын белгиледи. Айрыкча, коопсуздукту камсыздоо максатында жаңы тротуарларды куруу иштерине басым жасалаарын айтты.

Мындан тышкары, мэрия ар шейшемби күнү саат 9:00-12:00 гө чейин жарандарды кабыл алып, көйгөйлөрдү жеринде талкуулоону уланта бермекчи.