Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов жарандарды кабыл алып, жер маселелери жана ипотекалык үйлөр боюнча көйгөйлөрдү талкуулады. Жарандар негизинен жер бөлүштүрүү, документтерди мыйзамдаштыруу жана ипотека алууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын билдиришти.
Мэр жер маселелери жана турак жай ипотекасы боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын айтты. Ипотекалык үйлөргө карата суроолор боюнча тиешелүү маалыматтар берилерин белгиледи.