Жаңылыктар

КАЛАА БАШЧЫ ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

22.10.2024  16:00     Кароолор (6)

22-ноябрь күнү, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов жарандарды кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн угуп, жер жана социалдык маселелерди, ипотекалык үйлөр жана ирригациялык иштер боюнча талкуу жүргүздү. Жарандар негизинен жер тилкелеринин бөлүштүрүлүшү, документтердин мыйзамдаштырылышы жана ипотека алууда кыйынчылыктар менен бет келип жаткандыктарын айтышты.

Мэр Байышбек Астанакулов бул маселелер боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын билдирип, ипотекалык үйлөргө байланышкан суроолорго тийиштүү жооптор берилерин жана бардык жарандардын маселелери мыйзам чегинде чечилээрин белгиледи.