Жаңылыктар

КАЛАА БАШЧЫСЫ ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ИШТЕР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

21.08.2024  13:49     Кароолор (10)

Бүгүн, калаа башчысы Байышбек Астанакулов шаар ичиндеги бир катар маанилүү объекттерди текшерип чыкты. Ал жолдордун абалын, көрнөк-жарнактардын жайгашуусун, аялдамалардын абалын жана борбордук базарларда жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерин өз көзү менен көрдү.

Бул текшерүү иштердин жүрүшүн жана сапатын баалоо максатында уюштурулду. Шаардыктардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн шаар башчысы тиешелүү кызматтарга кээ бир маселелерди тез арада чечүү боюнча тапшырмаларды берди.