КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушуу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасы менен өз ара кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкууланды. Ошондой эле Талас облусунун социалдык-экономикалык, өнөр жай жана инвестициялык потенциалы менен таанышуу, аймактар аралык кызматташтыктын келечектүү багыттарын аныктоо жана биргелешкен конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кароо макулдашылды.
Ийгиликтер коштосун! Эки боордош элдин ынтымагы бекемдей берсин!🇰🇬🇰🇿