Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси Максат Байджигитов өз каалоосу менен жетекчилик кызматтан кеткендигине байланыштуу ишкананын жаңы жетекчиси болуп Адилет Чыныбеков дайындалды.
Адилет Чыныбеков, 1997-жылы 16-майда Талас шаарында төрөлгөн. Учурда үй-бүлөлүү: 1 уулдун атасы. Билими: 2012-2015-жж. Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейин бүтүрүүчүсү. 2015-2020-жылдар аралыгында И. Раззаков атындагы КМТУнун “Техникалык системаларда башкаруу” адистигине ээ болгон. 2020-2023-жж. Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясынын “Соттук-прокурордук” факультетине тапшырып, “Юриспруденция” адистигине ээ болгон.
Эмгек жолунда 2021-жылдын 26-июлунан тарта бүгүнкү күнгө чейин Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын башкы инженери кызматын аркалап келген.
Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына жаңыдан жетекчи болуп дайындалган Чыныбеков Адилет Еркеновичтин алдыдагы жооптуу иштерине зор ийгиликтерди каалап, жаңы кызмат орду менен куттуктайбыз! Аракетке бай иштерди жетектеп, жемиштүү иш алып баруусуна тилектешпиз!