20-февралда Талас шаарынын мэриясы жана Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан көмүр саткан жайларга көзөмөл жүргүзүлдү.
Монополияга каршы кызмат тарабынан коюлган талаптарга ылайык жеке жактарга көмүрдүн баасын жогорулатпоого боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле ишкерлерге бааларды туруктуу кармоо жагы эскертилип, талаптар кагаз түрүндө тааныштырылды.
Учурда Талас шаарындагы топ базарларда көмүр отуну төмөнкүдөй баада сатылууда;
(кг/сом)
•Кара-Жыра – 9 сом
•Шабыркул 9–9,10
•Ак-Улак – 7,30–8,00
•Беш-Сары – 6,70–7,00
•Бел-Алма – 9,0–9,40
Бүгүнкү күнгө карата Талас шаарында көмүрдүн жалпы кору 1050 тоннаны түзөт. Шаар ичинде жалпы 13 топ база иштеп жатат.