Жаңылыктар

Коопсуз миграция жана финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү

10.04.2026  15:18     Кароолор (5)

2026-жылдын 10-апрелинде Талас шаарында жаштар жана студенттер үчүн коопсуз миграция жана финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү.

Иш-чара Талас шаардык мэриясынын колдоосу менен “Айкөл” фонду тарабынан уюштурулду.

Тренингде катышуучуларга коопсуз миграциянын негиздери, чет өлкөгө чыгууда мүмкүн болгон тобокелдиктер жана мыйзамдуу ишке орношуу жолдору түшүндүрүлдү.  Ошондой эле финансылык сабаттуулук, киреше-чыгашаларды туура пландоо жана миграцияга байланышкан чыгымдар боюнча кеңири маалыматтар берилди.