2026-жылдын 10-апрелинде Талас шаарында жаштар жана студенттер үчүн коопсуз миграция жана финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү.
Иш-чара “Айкөл” фондунун колдоосу менен Талас шаарынын мэриясыны тарабынан уюштурулду.
Тренингде катышуучуларга коопсуз миграциянын негиздери, чет өлкөгө чыгууда мүмкүн болгон тобокелдиктер жана мыйзамдуу ишке орношуу жолдору түшүндүрүлдү. Ошондой эле финансылык сабаттуулук, киреше-чыгашаларды туура пландоо жана миграцияга байланышкан чыгымдар боюнча кеңири маалыматтар берилди.