Жаңылыктар

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ ЧАРАЛАР КҮЧӨТҮЛДҮ

11.01.2025  13:29     Кароолор (48)

Бүгүн, 11-январда А. Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облустук башкармалыгы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өтүлдү.

Ага Талас облусу боюнча күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, бардык мамлекеттик жана муниципиалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жетекчилерге "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" кабыл алынган Мыйзамдын айрым пункттарына киргизилген өзгөртүүлөр жана кылмыш жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ага ылайык мындан тарта коррупциялык укук бузуулар аныкталса, тиешеси бар жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылып, күнөөлүүлөр катуу жазаланат. Анын ичинде өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынат жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен эркинен ажыратылат.