Жаңылыктар

КР Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Талас шаарында иш сапары менен болду

14.01.2026  16:52     Кароолор (21)

Догдуркүл Кендирбаева иш сапары менен Талас шаарына келип, Талас райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алды.

Кабыл алууда жарандар билим берүү системасын жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарын билдиришти. 
Алардын ичинде:
-эски билим берүү мекемелерин жаңылоо;
-бала бакчалардын жетишсиздиги;
-билим берүү тармагындагы башка актуалдуу маселелер көтөрүлдү.

Министр ар бир суроого түз жооп берип, айтылган көйгөйлөрдү жеке көзөмөлүнө аларын белгиледи.

Иш сапар билим берүү тармагындагы маселелерди жеринен угуп, аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдорун аныктоого багытталды.