Маалыматка ылайык, лицей 920 орунга ылайыкталып, бардык заманбап шарттар менен камсыздалган 3 кабаттуу имарат жана жатаканасы менен салынууда. Окуу жай Президенттин колдоосу жана “Газпром Кыргызстан” компаниясынын жетекчиси Болот Абилдаевдин демөөрчүлүгү менен курулууда.
“Акылман” президенттик лицейин 2026-жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда. Лицейде окуу акысыз болуп, Талас облусунун гана эмес, өлкө боюнча бардык окуучулар үчүн билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.