Жаңылыктар

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Талас шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү

25.02.2026  10:38     Кароолор (4)

Жыйынга Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, шаар жана облус аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары жана шаар тургундары катышты.

Жолугушуунун алкагында облус башчысы Эрмат Джумаев аймакта ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу кеңири презентация жасады.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө жарандар суроолорун узатып, тиешелүү жоопторун алышты. Тургундар тарабынан жол,тротуар , мектеп жана бала бакчалардагы спорт аянтчалары, саркынды суу топтоочу жай, базар жана вокзал аймагы, мобилдик байланыш операторлорунун антенналары боюнча маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле реабилитациялык борбор куруу жана шаар аймагында жүрүп жаткан курулуш иштерине байланыштуу сунуштар айтылды.

Эрмат Джумаев ар бир көтөрүлгөн маселе боюнча жооп берип, айтылган сунуштарды кабыл алып, жеке көзөмөлүнө алаарын

белгиледи.