КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Гуля Кожокулова, Медина Кайрылбекова, Эркинбек Исеналиев, Бакыт Чомоев, Жаныбек Аматов, Адилет Белеков, Уланбек Жаанбаев жана Улукбек Узакбаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы бир катар социалдык объектилердин абалы менен жеринен таанышышты.
Жолугушууга КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев ,Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков катышып, социалдык тармактагы маселелер боюнча пикир алышуу болду.
Эл өкүлдөрүнүн катышуусундагы жолугушууда Талас шаарындагы №4 А.Сыдыков атындагы орто мектептин имараты каралып, билим берүү мекемесинин учурдагы абалы талкууланды. 1932-жылы пайдаланууга берилген бир кабаттуу окуу корпусу бүгүнкү күндө эскирип, айрым бөлүктөрү авариялык абалга келген.
Мындан тышкары, эл өкүлдөрү Талас шаарындагы кургак учук ооруканасынын имараты жана №8 орто мектептин имараты менен да таанышып, социалдык объектилердин абалын жеринен көрүштү.