КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан өлкө аймагында күйүүчү-майлоочу материалдардын рыногундагы абалга туруктуу мониторинг жүргүзүү боюнча тиешелүү чечим кабыл алынды.
Ага ылайык, бензиндин, дизелдик отундун жана суюлтулган көмүр-сутек газынын (автогаз) бааларына үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүп, ички рынокто жетиштүүлүгү жана баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө чаралары күчөтүлөт.
Тиешелүү мамлекеттик органдар жана аймактык бөлүмдөр тарабынан күйүүчү-майлоочу материалдардын рыногундагы абал туруктуу көзөмөлдөнүп, мыйзам талаптарынын сакталышы камсыздалат. Баа түзүү тартибин бузуу фактылары аныкталган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.