Жаңылыктар

КУЛАКТАНДЫРУУ

06.08.2026  16:41     Кароолор (50)

Урматтуу Талас шаарынын тургундары!

2027-жылга карата Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2028–2029-жылдарга карата бюджеттик божомолду коомдук талкуулоо боюнча коомдук бюджеттик угуу өткөрүлөт. Бул коомдук угуу жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоо жана жарандардын сунуш-пикирлерин кабыл алуу максатында уюштурулууда.

📅 Өтүү күнү: 2026-жылдын 10-августу
🕙 Убактысы: 10:00  
📍 Өтүү жери: Талас шаарынын мэриясынын конференц-залы

Коомдук бюджеттик угууга бардык каалоочу шаар тургундарын активдүү катышууга чакырабыз.

Сиздин пикириңиз — шаардын келечектеги өнүгүүсү үчүн маанилүү!