Талас шаардык мэриясы тарабынан “Талас жылуулук менен камсыздоо” муниципалдык ишканасынын күз-кыз мезгилине карата даярдыгы текширилди.
Учурда ишкананын карамагында 8 откана бар. Алардын ичинен:
• 1 откана мазут менен иштейт,
• 7 откана көмүр менен иштейт.
Мындан тышкары, дагы бир отканада курулуш иштери аяктап, жабдууларды орнотуу жүрүп жатат.
Ишканасы аркылуу Талас шаары боюнча 1458 абонент жылуулук менен камсыздалат. Алар;
• 1363 – турак жай абоненттери,
• 13 – бюджеттик мекеме,
• 82 – коммерциялык уюм бар.
Ошондой эле өткөн жылдан бери борбордук жылуулук системасына 61 жаңы абонент кошулган. Алардын катарында бир бала бакча, бир кызматтык үй жана 59 турак жай абоненти бар.
Текшерүүнүн алкагында отканалар күз-кыш мезгиле толук даяр экендиги белгилүү болду.