Жаңылыктар

КЫЛЫМДАН КЫЛЫМГА ЖАШАГАН - КЫРГЫЗ ТИЛИ

17.12.2024  12:34     Кароолор (21)

17-декабрда Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде "Кылымдан кылымга жашаган - кыргыз тили" аттуу орто окуу жайлардын арасында кароо-сынак өткөрүлдү.

Талас шаарынын мэриясы жана Талас шаардык маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган бул кароо-сынактын негизги максаты кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, унутта калган маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу.

Калыстар тобу катышуучулардын тапшырмаларды аткаруу деңгээлин баалап, жеңүүчүлөрдү аныкташты.

Калыстар тобунун чечими менен 1-орунду Талас агрардык-экономикалык колледжи камсыздаса, 2-орунга Талас медициналык колледжи татыктуу болду. Ал эми 3-орунга Талас Мамлекеттик Университетинин алдындагы колледжи ээ болду.