Иш-чарага Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев, футбол ассоциациясынын Талас облусундагы координатору жана өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү кызматкерлер катышты.
Таанышуу учурунда курулуш иштеринин жүрүшү, сапаты жана белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлүшү каралды. Ошондой эле стадион толук бүткөндөн кийин Талас облусунда эл аралык деңгээлдеги футбол беттештерин өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрү белгиленип, бул спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды футболго тартууга жакшы шарт түзөрү айтылды.