Жаңылыктар

Кыргыз футбол биримдигинин Талас облусу боюнча өкүлү дайындалды

04.08.2025  11:00     Кароолор (8)

Аскат Осмонов –Кыргыз футбол биримдигинин Талас облусу боюнча өкүлү кызматына дайындалды. Иш-чарага катышкан Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Медербек Сыдыков ,Талас шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев жана футбол ардагерлери жаңы жетекчиге ийгилик каалап, алдыдагы максаттар тууралуу пикир алышты.

Жыйында аймактагы футболду өнүктүрүү , спорттук инфраструктураны жакшыртуу жана таланттуу оюнчуларды тарбиялоо боюнча биргелешип иш алып баруу жагы баса белгиленди.