Жаңылыктар

“КЫРГЫЗ-НЕМЕЦ ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ” АТАЛЫШЫНДА СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ

24.01.2025  20:20     Кароолор (39)

Бүгүн, 24-январда Талас шаардык көркөм сүрөт музейинде “Кыргыз-немец достук көпүрөсү”  аталышында фото-сүрөт көргөзмөсү болуп өттү.  Көргөзмө КРдин Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий адеп ахлактык өнүгүүсү  жана дене тарбиясы” жөнүндө  концепциясынын негизинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана  Талас облусунун 80 жылдыгына карата уюштурулду. Бул ирет фото-сүрөт көргөзмө тарыхый баалуу сүрөттөр менен толукталды.

Иш – чара  Бакай-Ата районунун ардагерлери тарабынан уюштурулуп, ага  КРдин Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира  Сейдикеримова, улуу муундун интеллегенция өкүлдөрү катышышты.