Жаңылыктар

“Кыздын намысы — элдин намысы”

11.10.2025  11:44     Кароолор (29)

11-октябрь кыздар күнүнө карата Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде “Кыздын намысы — элдин намысы” аталышындагы иш-чара болуп өттү.

Ага шаардагы мектептерден жана окуу жайлардан тандалган 12 кыз катышты. Жыйынтыгында баш байгени Талас облустук жатак мектебинин окуучусу жеңип алды.

Иш-чара Талас шаарынын мэриясы, Кызыл Ай коомунун Талас облустук филиалы жана аялдар кеңеши тарабынан уюштурулуп, кыздардын билимге, маданиятка жана коомдук ишке болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.