Жаңылыктар

Кызыл сызык чегинен ашкан курулуштар алуунуда

18.08.2025  17:04     Кароолор (9)

Талас шаарындагы Чыңгыз Айтматов көчөсүндө тротуар жана аялдама курууга тоскоолдук жараткан “кызыл сызык” чегинен ашкан курулуштар алынууда. Буга чейин мэрия тарабынан үй ээлерине алдын ала эскертүүлөр берилип, тургундарга турак-жай жана дарбазаларды артка жылдыруу талабы коюлган. Талап аткарылбаган учурларда атайын техника тартылып, курулуштардын кызыл чийимден чыккан бөлүктөрү алынууда.