Талас шаарындагы Токтогул көчөсүндө тротуар салууга тоскоолдук жараткан “кызыл сызык” чегинен ашкан курулуштар алынууда. Буга чейин мэрия тарабынан үй ээлерине алдын ала эскертүүлөр берилип, тургундарга турак-жай, тосмо жана дарбазаларды артка жылдыруу талабы коюлган. Аны аткарбагандарга атайын техника барып, курулуштардын кызыл чийимден чыккан бөлүгүн бузууга аргасыз болду. Бул боюнча тургундар менен Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көчөрбаев жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Долбоор боюнча Талас шаарындагы 14 көчөгө 54 чакырым аралыкта тротуар басылат. Көчөлөрдү кеңейтүүдө кызыл сызык чегинен чыккан 1600дөн ашык мыйзамсыз курулуштар артка жылдырылган