Жаңылыктар

МАЙЫПТЫГЫ БАР АДАМДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

03.12.2024  17:47     Кароолор (18)

Бүгүн, 3-декабрь күнү Талас шаарында майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү белгиленди. Бул күндүн негизги максаты – майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо, алардын коомдук жашоодогу ордун бекемдөө жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Иш-чарага Талас облусунун бардык аймактарынан майыптыгы бар жарандар чакырылып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, демөөрчүлөр, жеке ишкерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшү концерттик программа, кызыктуу оюн-зооктор, ыктыярдуу жаштардын аквагрим менен бөбөктөргө жакшы маанай тартуулоосу коштолду. Жыйынтыгында уюштуруучулар тарабынан жылуу калоо-тилектер айтылып, кызыктыруучу белектер тапшырылды.