Жаңылыктар

МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАРГА АЗЫК-ТҮЛҮК БАШТЫКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

04.12.2024  17:51     Кароолор (26)

Бүгүн, 4-декабрда Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүн утурлай, басып-туруу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ден соолугунан кабар алып, жылуу каалоо-тилектерин айтып, азык-түлүк баштыктарын тапшырды.

Жалпысынан азык-түлүк салынган 80 баштык даярдалып, анын 18и басып-туруу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө жеткирилди.

Белгилей кетсек, 3-декабрь майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү катары белгиленет. Райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Талас шаарында 609 майыптыгы бар жаран бар.