Бүгүн, Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө арналган «Улуттун уңгусу – анын тилинде» аттуу таймаш болуп өттү. Иш-чарага Талас шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери, ошондой эле Айтматов, Бакай-Ата, Манас жана Талас райондорунан катышышты.
Таймаштын максаты мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жайылтуу жана анын кадыр-баркын көтөрүү, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер арасында тил маданиятын жогорулатууга багытталды. Жыйынтыгында Талас шаарынын командасы 2-орунду ээледи.
Мындан тышкары иш-чарада мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер “КР мамлекеттик кызматынын отличниги”, “КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун отличниги”, “Кыргыз тили” төш белгилери жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.