Бүгүн, 3-мартта К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик Туу" күнү жана 5-мартта белгиленүүчү "Ак калпак" күнү салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, облустук, шаардык мекеме жетекчилери, мугалимдер, окуучулар, студенттер жана шаар тургундары катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик Туунун тарыхына кеңири токтолуп, анын кыргыз эли үчүн мааниси баса белгиленди. Кыргыз Республикасынын азыркы Мамлекеттик Туу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан расмий бекитилген. Туунун кызыл түсү – элибиздин эркиндикке умтулуусун жана тарыхый мурасын чагылдырат. Ортосундагы күн жана андагы кырк нуру – кыргыз элинин биримдигин жана ата-бабаларыбыздын улуу мурасын даңазалайт.
Майрамдын алкагында 5-март – Ак калпак күнү да белгиленип, бул баш кийимдин кыргыз элинин маданиятындагы ордуна токтолушту. Ак калпак – кыргыздын улуттук символу, ата-бабалардан мураска калган улуу нарк-дөөлөттүн бир бөлүгү экени белгиленди.
Иш-чарада символдорду урматтоо боюнча сөздөр айтылып, патриоттук ырлар жана бийлер аткарылды.