Талас шаарынын Манас көчөсүндө жүрүп жаткан тротуар куруу иштеринин жүрүшүндө айрым курулуштар кызыл сызыктан чыгып калгандыгы аныкталган. Бирок жергиликтүү жашоочулардын арасында нааразычылыктар жаралган.
Бул боюнча шаар башчысы Байышбек Астанакулов жеринен көрүп, Талас регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, Кадастр мекемеси жана муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери катышкан комиссия тарабынан жеринде кошумча ченөө иштери жүргүзүлдү. Натыйжада кызыл сызыктан чыккан учурлар тастыкталды жана тургундарга мыйзам чегинде түшүндүрүү берилди.
Шаар бийлиги мыйзамдуу шаар куруу ченемдерин сактоо менен тротуар куруу иштерин улантып, коомдук кызыкчылык үчүн талап кылынган кадамдар мыйзам чегинде аткарыла берерин билдирет.