Талас шаарынын мэриясынын буйругун жана Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепцияларын ишке ашыруу максатында, Талас шаарындагы мечиттердин, медреселердин, чиркөөлөрдүн жана диний багыттагы объектилердин абалына жана ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү. Бул мониторингди жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына Талас шаарынын мэриясы, Талас шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ), Талас шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, Талас облустук казыятынын өкүлдөрү, Талас райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Талас облусу боюнча өкүлү кирди.
Мониторингдин жүрүшүндө объектилердин инфраструктуралык абалын, коопсуздук талаптарына ылайыктыгын жана санитардык шарттары текшерилди. Ошондой эле, диний мекемелердин жүргүзүп жаткан иш-чаралары, коомчулук менен болгон байланышы жана мамлекеттик саясатка шайкештиги бааланды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында:
• Көпчүлүк мечиттер жана диний объектилер жакшы абалда болуп, заманбап шарттарда иш алып барышууда.
• Айрым объектилерде өрт коопсуздугу жана эвакуациялоо жолдорунун талаптарга жооп бербегени аныкталды.
Комиссия белгиленген мөөнөттө бул сунуштардын аткарылышын көзөмөлдөөнү пландап, тиешелүү мекемелерге эскертүүлөрдү берди.