Жаңылыктар

МЕКТЕП, БАЛА БАКЧА ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН КАТЫШУУСУНДА ЖОЛУГУШУУ ЖЫЙЫН ѲТТҮ

04.11.2024  17:20     Кароолор (20)

4-ноябрь күнү, Талас шаарынын мэриясынын жыйын залында шаардык билим берүү мекемелеринин директорлорунун катышуусунда жолугушуу жыйын ѳттү.

Ага шаар мэри Байышбек Астанакулов, КР УКМКнын Талас облустук башкармалыгынын жана Талас ШИИБдин ѳкүлдѳрү, Талас райондук, шаардык билим берүү бѳлүмүнүн жетекчиси, ошондой эле бардык орто мектеп, бала бакча директорлору катышышты.

Жыйында КР УКМКнын Талас облустук башкармалыгынын ѳкүлү билим берүү тармагынын кызматкерлерин алдыда боло турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого аралашпоого чакырып, шайлоо ѳнѳктүгүн таза ѳткѳрүү зарылдыгын айтты. Буга кошумча ата-энелерден акча чогултпоону эскертип, агартуу тармагынын ѳкүлдѳрүн мыйзамдуу иш алып барууга чакырып өттү.

Жолугушуу жыйынында калаа башчы Байышбек Астанакулов жаңыдан аппарат жетекчи кызматына дайындалган Эрмек Океновду агартуу тармагынын ѳкүлдѳрүнѳ тааныштырды. Андан соң ар бир билим берүү мекемесинин кѳйгѳйлүү маселелерин угуп, тийиштүү кызматтын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле 2024-2025 күз-кыш мезгилине карата мектеп, бала бакчалардын даярдыктарынан кабар алды. Окуучулардын жагымдуу шартта жеткиликтүү билим алуусу үчүн кошумча оңдоп-түзѳѳ иштерин ушул каникул мезгилинде толук аяктоо керектигин баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндѳ жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында окуучулардын коопсуздугу үчүн бир катар демилгелүү сунуш-пикирлер айтылды. Бул боюнча мэр Байышбек Астанакулов айтылган сунуштарды эске аларын билдирди.