Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков А.Оторбаев көчөсүндөгү тротуар басуу иштеринде жаралган маселелерди чечүү максатында аталган аймактагы ишкерлер менен жолугушту.
Жолугушууда тротуар түшө турган жана түшпөй турган аймактар такталды. «Алтын Казык» соода борборунун алды өзгөчөлүктөрдөн улам тротуар төшөлүүчү аймакка кирбейт. Ал эми көчөнүн калган бөлүктөрүнө тротуар төшөө иштери жүргүзүлмөкчү болду.
Мэр Нургазы Асылбеков бир калыпка келтирип, көчөнү заманбап стандартта көрктөндүрүү маанилүү экенин белгиледи. Ишкерлер да өздөрүнө тиешелүү аймактарды тартипке келтирүүгө даяр экенин билдиришти.