Бүгүн, 20-августта Талас шаарынын мэриясынын жыйын залында калаа башчы Байышбек Астанакулов шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу жыйынын өткөрдү. Анда шаар мэри ар бир мекеменин жетекчилери менен жакындан таанышып, алардын Талас шаарын өнүктүрүүдөгү өзгөчө ордун белгиледи. Буга кошумча мэр Байышбек Астанакулов ар бир жетекчини шаарды өнүктүрүү багытында артылган жоопкерчиликтүү милдетти так аткарып, ынтымакта иш алып барууга чакырды.