Жаңылыктар

Мэр Нургазы Асылбеков подряддык ишканаларга жумуштарды тез жана сапаттуу кылууну эскертти

17.10.2025  11:48     Кароолор (15)

Бүгүн, 17-октябрда Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков шаар аймагында жүрүп жаткан курулуш жана оңдоп-түзөө иштерине жооптуу болгон подряддык компаниялардын жетекчилери менен атайын жолугушуу өткөрдү.

Шаар башчысы подряддык ишканалардын жетекчилерине жумуштарды өз убагында сапаттуу кылып бүтүрүү талабын койду.

“Шаар тургундары үчүн курулуп жаткан ар бир объект биздин жоопкерчилик. Эгерде графиктен артта калуу же сапат боюнча кемчилик байкалса, тиешелүү чаралар көрүлөт», — деди Нургазы Асылбеков .

Мындан тышкары шаар башчысы курулуп жаткан объектилер боюнча да орчундуу маселелерди талкуулап, жооптуу кызматкерлерге конкреттүү тапшырмалар берди.