Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков шаар тургундары менен коомдук угуу өткөрүп, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту. Жолугушууда тургундар өздөрүнүн маселелерин түздөн-түз мэрге айтышып, ар кандай социалдык жана инфраструктуралык багыттагы көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Мэр Нургазы Асылбеков ар бир кайрылууну жеке көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматтарга маселелерди чечүү боюнча дароо тапшырмаларды берди.