Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков тургундарды кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн укту. Кабыл алууда жарандар канализация, Шамбетов көчөсүндөгү тротуар жана жер маселелери боюнча кайрылышты.
Тургундардын суроолоруна шаар мэри жооп берип, ар бир кайрылуу жеринен карала тургандыгын билдирди.
Эске салсак, шаар башчысы жуманын ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды жеке кабыл алат.