Мэр шаарды өнүктүрүүгө кызыккан окуучуну кабыл алды
Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков Бакай-Ата районундагы Эшимбек Капалов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Тураров Мухаммад Аминди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө окуучу шаар башчысына өзүнүн иштеп чыккан башкы планын тааныштырып, шаарды кеңейтүү, көп кабаттуу турак жайларды жана социалдык объектилерди куруу боюнча идеялары менен бөлүштү.
Нургазы Асылбеков жаш өспүрүмдүн изденүүсүн жогору баалап, мэриянын атынан белек тапшырып, окуусуна ийгилик каалады.