Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көчөрбаев тротуар куруу иштери жүрүп жаткан аймактарга барып, жеринен кабар алды.
Мэрдин орун басары тротуар курулуп жаткан тилкелерде кызыл сызыктан чыгып кеткен турак жайлардын ээлери менен жолугуп, талаптарды түшүндүрдү. Аталган тургундарга 3 күндүн белгиленген чектен жылуу талап кылынып, аткарылбаса, мэрия тарабынан мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөлү эскертилди.
Ошондой эле, жол курулушуна тоскоолдук жараткан электр мамыларын жылдыруу боюнча да тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары подряддык компанияларга жумушту белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү талабы коюлду.