Бүгүн, 18-декабрда Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында "Миграция жана Мен" аталышындагы семинар болуп өттү. Семинарга КРдин Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрү, Талас шаарындагы мектептердин соц.педагогтору жана Талас ШИИБнин кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – миграциянын коомго тийгизген таасирин талдоо, анын оң жана терс жактарын аныктоо, ошондой эле эрте никеге туруу, АИВ инфекциясы жана адам сатуу сыяктуу көйгөйлөрдүн алдын алуу боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана чечүү жолдорун талкуулоо болгон. Мындан тышкары, мигранттарга колдоо көрсөтүү чараларын иштеп чыгуу жана тиешелүү тараптардын кызматташтыгын бекемдөө да негизги милдет катары каралды.
Акыркы алынган маалыматтарга таянсак, Талас шаарынын аймагында мигрант 613 үй-бүлө бар болсо, анын ичинен тышкы миграцияда 536 үй-бүлө, ички миграцияда 77 үй-бүлө бар.