24-июлда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында “Тынчтык Ордо” турак жай комплексинин батирлеринин ачкычтарын ээлерине тапшырды.
Жалпы 11 блоктон турган, 319 батирлүү турак жай комплекси “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан курулган. Иш-чарада жаңы батир ээлери куттуктоолорду кабыл алып, турак жайларына ээ болушту.