Жаңылыктар

МУКТАЖ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ ГИГИЕНАЛЫК КАРАЖАТТАР ТАРАТЫЛДЫ

26.02.2025  17:10     Кароолор (10)

Кызыл Ай коомунун Талас облустук филиалы тарабынан Талас шаарында жашаган аз камсыз болгон, көп балалуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген 47 үй-бүлөгө гуманитардык жардам катары гигиеналык каражаттар таратылды.

Муктаж үй-бүлөлөрдүн саны Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан аныкталып, Талас шаарынын мэриясынын социалдык сектору тарабынан такталып, жардам алуучулардын тизмеси түзүлгөн. Бул жардам санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртуу максатында берилип, ар бир үй-бүлөгө самын, тиш пастасы, гигиеналык кагаздар жана башка керектүү каражаттар тапшырылды.