Жаңылыктар

Муниципалдык ишкалардын аткарган иштери каралды

22.10.2026  17:37     Кароолор (23)

22-октябрда Талас шаарынын мэриясында мэрдин орун басары Айбек Көчөрбаев, шаардык кеңештин төрагасы Калыс Джаныбеков ,шаардык кеңештин депутаттары жана муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.

Жыйында муниципалдык ишкалардын  жетекчилери жыл башынан бери аткарылган иштер боюнча маалымат беришти. Ошондой эле белгиленген иштердин жыл аягына чейин аткарылышы боюнча суроолор берилип, алдыдагы иш пландар талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилип, жыл аягына чейин толук аткаруу эскертилди.