Жаңылыктар

Мыйзамсыз үй канатууларын саткандарга түшүндүрүү иштери жүрдү

28.09.2025  11:20     Кароолор (14)

Талас шаарынын мэриясы А. Оторбаев көчөсүндө жекшемби күнү мыйзамсыз түрдө үй канаттууларын (тоок, жөжө жана башка үй канаттуулары) саткандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү. Бул талаптар жол кыймылына тоскоолдук жараткан сооданы башка жакка көчүрүп, санитардык талаптарды сактоого багытталды. Себеби жолдо машиналар туура эмес токтоп, айдоочуларга тоскоолдук жаратып, жол бетин булгап келишкен. Мындан улам канаттууларды саткандар Талас шаарындагы мал базарга көчүрүлдү.