Кыргыз коомчулугунун агартуу тармагы чоң жоготууга учурады. 2024-жылдын 24-октябрында үзүрлүү эмгектери менен эл оозуна алынган көрүнүктүү ишмер, жогорку категориядагы мугалим Сарыгулова Чолпон Исламовна 66 жаш курагында акка моюн сунду.
Сарыгулова Чолпон Исламовна, 1958-жылы Талас шаарында туулган. Эмгек жолунда Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун адабий фондунда, КМУнун орус тилин окутуунун методикасы кафедрасында улук лаборант болуп иштеп, физика-математика факультетинде орус тилинен сабак берген. Кыргыз Республикасынын ДОК РПнын уюштуруу-массалык бөлүмүндө улук инструктор, Бишкек шаарындагы №68 мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген. Ошондой эле
Бишкек шаарынын ГУНОнун кадрлар бөлүмүнүн инспектору;
Бишкек шаарынын мэриясынын вице-мэринин жардамчысы;
Бишкек филармониясынын кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору;
Бишкек шаарындагы жеке менчик билим берүү борборунда орус тили мугалими, иш кагаздарын жүргүзүүчү жана психолог болуп иштеген.
Кыска убакыттын ичинде өзүнүн күжүрмөн эмгегинин жана ак ниеттүүлүгүнүн аркасында 2009-жылы Талас шаарындагы К. Конурбаев атындагы «Баластан» балдарга билим берүү борборунун директору болуп дайындалган.
Төмөнкү сыйлыктарга ээ болгон:
Кыргыз Республикасынын Элге билим берүү жана илим министрлигинин;
Кыргызстан Аялдар Конгрессинин;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын;
Талас шаарынын мэриясынын Ардак Грамоталары;
Буга кошумча
“2011-жылдын мыкты жетечиси”,
“2017-жылдын мыкты жетекчиси”,
“2019-жылдын мыкты жетекчиси" – деп, таанылган.
Талас шаарынын мэриясы Сарыгулова Чолпон Исламовнанын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Анын жаркын элеси түбөлүк эсибизде сакталат!