Жаңылыктар

ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН КИЧИ-ФУТБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

26.04.2025  11:30     Кароолор (15)

2025-жылдын 25-26-апрель күндөрү Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна арналган кичи-футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Спорттук иш-чара облус башчысы Эрмат Джумаевдин демилгеси менен, ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында уюштурулду.

Эки күнгө созулган таймашка мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жана мекеме-уюмдардан жалпы 26 команда катышты. Мелдеш курч атаандаштыкта өтүп, спорттук рухту жана биримдикти даңазалады.

Байге фонду төмөнкүдөй белгиленди:

1-орун үчүн — 100 миң сом,

2-орун үчүн — 70 миң сом,

3-орун үчүн — 50 миң сом,

4-орун үчүн — 25 миң сом.

Мындан сырткары, ар бир позиция боюнча мыкты оюнчулар 5000 сом акчалай сыйлык жана атайын статуэткалар менен сыйланышты.

Мелдеш катышуучулардын ынтымагын бекемдеп, активдүү жашоо образын жайылтууга чоң салым кошту.