Жаңылыктар

Өчпөс от, өчпөс тарых!

09.05.2026  11:00     Кароолор (2)

Бүгүн, 9-май күнү Талас шаарынын Баатырлар паркында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү.

Митинг реквиемге шаар тургундары, ардагерлер жана бийлик өкүлдөрү катышып, курман болгондордун элесине гүл чамбар коюшту.Андан соң шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу «Өлбөс полк» жүрүшү болду.

Майрамдык салтанат борбордук аянттагы маданий программа менен жыйынтыкталды.