Бүгүн,Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте №90 кесиптик лицейдин ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Иш-чара жалпы тургундарга лицейдин шарттары жана артыкчылыгы тууралуу кенен маалымат берүү максатында уюштурулду. Анын алкагында кесиптер жармаңкеси да өткөрүлүп, студенттердин эмгектери көргөзмөгө коюлду.
Бүгүнкү күндө лицей газ-электр ширетүүчү, визажист, чач тарач, IT адиси, ашпозчу жана башка кесиптер боюнча адистерди даярдайт. Мындан тышкары кыска мөөнөттүү курстар да бар. Окуу бюджеттик негизде болуп, студенттерге ай сайын стипендия төлөнөт.
Аталган лицейдин окутуучулары быйылкы окуу жылына документтерди онлайн жана офлайн түрүндө тапшырса болоорун түшүндүрүп, жаштардын суроолоруна жооп беришти.